Таразда бир кумура күмүш монетанын сыныктары табылды

Таразда бир кумура күмүш монетанын сыныктары табылды

Кылымдардан бери келе жаткан күмүш монеталар. Тараз шаарынын жанындагы Кызыл Жылдыз айылынын жанынан X кылымдын орто чениндеги күмүш тыйындар табылды. Окумуштуулар тыйындардагы араб жазуулары жана белгилери «Саманиддер» дооруна таандык деп эсептешет. Кызыгы, мындай табылганы Тараз шаарынын тургуну кокусунан таап алган. Салмагы жарым килограммга жакын байыркы тыйындарды Рафаэль Искандеров тарыхый-маданий корук-музейге тапшырды. Белгилей кетсек, бул аймактарда мындай ири табылга биринчи жолу болуп жатат. Эми адистер олжо табылган жерди изилдөөгө киришет.

Рафаэль Искандеров, Тараз шаарынын тургуну:

- Унаам бузулуп, жолдун четине токтодум. Оңдоо үчүн түшсөм дароо көзүмө кумуранын сыныктары көрүндү. Жанында жалт-жулт деген бир нерсе көрүндү. Жакшылап карасам жылтырак металл сыныктары турат. Топурагы менен бирге бир ууч кылып үйго алып келип жуудум. Ал араб жазуусу бар монета сыныктары болуп чыкты. Эч кимге айтпастан сатып жиберүү боюнча сунуштар айтылды. Менин оюмча мындай нерселер сатылбашы керек. Бул баасы жок байлыктар. Жаш муун муну билиши керек. Көрүшү керек. Бул тарых эмесби.

Нурлан Быкыбаев, «Байыркы Тараз эстеликтери» мамлекеттик тарыхый-маданий корук-музейинин мудүрү:

- Музейдин өзүнүн археологдору бар. Кийинки жумадан баштап комиссия чакыртылып, ордун барып көрүшөт. Эгерде дал ошол жерден дагы эле табылып же чыгып жаткан заттар болсо, анда келечекте биз ошол жерди казууга аракет кылабыз. Өзүбүздүн фондго өткөрөбүз. Ичинде мурунтан эле датасы коюлган. Биз баалуу экспонаттарды көргөзмөгө коёбуз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков