Бишкекте кыргыз-казак достугунун аллеясы ачылды

Бишкекте кыргыз-казак достугунун аллеясы ачылды

Бишкекте кыргыз-казак достугунун аллеясы пайда болду. Жашыл аймакка «Келишим» деген аталыш берилди. Эки өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган аллеянын ачылыш аземине Казакстандын элчиси Рапил Жошыбаев, Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин төрагасы Талант Мамытов, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жана парламент депутаттары катышты. Мында эки өлкөнүн достук мамилесинин белгиси катары Тянь -Шань карагайынын 40 көчөтү отургузулду. Бул дарак 300 жылга чейин жашайт.

Талант Мамытов, Кыргызстан Парламентинин спикери:

- 30 жылдык эгемендүүлүктү утурлай кыргыз казак достугун даңазалаган эс алуу борбору ачылып жатат. Албетте, кыргыз менен казак бир тууган эл, тилибиз, дилибиз салт санааларыбыз бирдей. Ошол достугубуз түбөлүктүү болсун деп ушул аллеяны ачып жатабыз.

Гүлшат Асылбаева, Кыргызстандагы казак диаспорасынын башчысы:

- Бул аллеянын ачылышы эки боордош элдин бузулбас достугун айгинелейт. Казак-кыргыз руху бир. Биздин элдерди тамыры терең бир туугандык, достук, маданий жана экономикалык мамилелер байланыштырып турат. Андыктан аллеянын ачылуусунун символикалык мааниси зор. Бул биздин достугубуздун белгиси.

Которгон: Илгиз Жамалбеков