Бабалар изи менен: Уранкай аталышынын тарыхы

Бабалар изи менен: Уранкай аталышынын тарыхы

«Бабалар изи менен» экспедициясы өлкөнүн алыскы бурчунда жайгашкан Чыгыш Казакстан облусу, Уранкай айылында болду. Бул - Маркакөл жээгиндеги кооз жерде жайгашкан Алтай айылы. Негизинен эл арасында Уранкай аталышынын келип чыгуу тарыхына байланыштуу ар кандай пикирлер айтылып жүрөт. Көпчүлүк бул аталышты калмак тилинен келип чыкканын жана «кечки жел» деп которуларын айтышат. Экспедициянын жетекчиси Сапар Искаковдун айтымында, бул туура эмес түшүнүк. «Урунхайка» сөзүнүн келип чыгышы ушул күнгө чейин толук изилдене элек. Бир чындыгы жашыл өрөөндөр жана тоо дарыялары менен курчалган цивилизациянын бул аралы - өлкөнүн эң кооз жерлеринин бири.

Сапар Ыскаков, «Бабалар изи менен» экспедициясынын жетекчиси:

- Урунхай деген сөз кайдан келип чыкты деп текшере келген учурда биз тарыхтан билгенибиз боюнча Рашид-ад-Дин арабтын илимозу ал тууралуу жазып кеткени бар. Урунхайды ал жергиликтүү урууларга таандык кылат. Алар көбүнчө Тыва Республикасында жашашып, түрк тилдүү элдер болуп саналат. Ал эми аларга жакын жашаган уруулар дагы түрк тилдүүлөр. Бул жерде биздин ата -бабаларыбыз жашаган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков