ASHYQ тиркемеси жакшыртылды

ASHYQ тиркемеси жакшыртылды

ASHYQ тиркемеси жакшыртылды. Эми колдонуучунун макамы жанып, убакыт эсептегичи жарык болот. Жаңы коргоо скриншот жасоо мүмкүнчүлүгүн гана эмес, ошондой эле мобилдик экранды видеого жаздырып алууга да жол бербейт. Мындан тышкары, иштеп чыгуучулар долбоордун ишке кирүү убактысын кыскартып, жакынкы аралыкта тиркеменин ишин тездетүүнү мерчемдеп жатышат. Мындай өзгөртүүлөр Ashyqды сканерлөөгө мүмкүндүк берген башка системаларга да таасирин тийгизет.

Виталий Пустовойтенко, «ASHYQ» тиркемесинин иштеп чыгуучусу:

- Биздин тургундар Ashyq тиркемесин туура эмес колдонуп, макамдын скриншотторун көрсөтүп, тиркемени андан ары системаны алдоого аракет кылышкан. Биз бир нече мындай окуяларга күбө болдук. Муну эске алып, биз эки жаңычылдык киргиздик. Колдонуучуларыбыздын тиркемеде 1 мүнөт 22 секунд өткөрө тургандыгын байкадык. Бул Ashyqтын ишке кошулуп, макамды көрсөтүүнүн ортосундагы орточо убакыт. Ошондуктан биз бул убакытты кыскартууну каалайбыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков