Украинада казакстандык жоокерлердин сөөктөрү табылды

Украинада казакстандык жоокерлердин сөөктөрү табылды

Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон жүздөн ашуун казак жоокерлеринин сөөк калдыктары Харьков облусунан табылды. Адистердин айтымында, бул 1942-жылы ушул аймакта болгон кандуу кагылышта эрдик менен курман болгон 106-Акмола дивизиясынын жоокерлери болушу мүмкүн. Азыркы учурда Харьковдо өлкөнүн атайын тобу иштеп жатат. Жалпысынан издөө жумуштарын аталган региондо беш жылдан ашык убакыттан бери жүргүзүп келе жаткан украиналык кесиптештер 500гө жакын жоокердин сөөгүн казып алышкан. Деген менен ушул күнгө чейин маркумдардын аты-жөнү тактала элек. Белгилей кетсек, Украинада согушка катышкан көптөгөн жоокерлердин урпактары бугүнкү күндө Акмола облусунда жашайт. Алар ата-бабаларынын сөөгүн мекенине алып келип, кайра көмүүгө болот деген үмүттө. Кошумчалай кетсек, бул экспедиция Украинада жүргүзүлгөн тарыхый -архивдик долбоорунун биринчи этабы болот.

Майдан Кусайынов, «Мемориалдык аймак» издөө тобунун жетекчиси:

- Издөө иштери кезинде биз масштабдуу жумуштун бир бөлүгүн гана камтыдык. Негизги иштин өзөгүнө азырынча жете элекпиз. 350 жоокер эмес, мында он миңдеген адамдын сөөктөрү жатат. Алардын жеке буюмдарынан баштап, ким экендигин аныкташыбыз керек. Жакын арада биз украиналык кесиптештерибиз менен мемориалдык зонаны түзүүнү каалайбыз.

Еркинбек Абдуллин, «Көкше издөө» аскерий-патриоттук издөө тобунун жетекчиси:

- Өзгөчө фиксация. Табылган артефакттардын фиксациясы дейт. Орусияда мындай жасалбайт. Ал эми украинанын методологиясы туура деп ойлойм. Эмнеге дегенде ар бир адамга белги коюлат. Биринчи номер, экинчи номер деп. Андан кийин кагазга түшүрөт. Анан алар өздөрүнүн методологиясында улантып, жаңыртышат. Мындан тышкары, калдыктар кантип жана кайсы жерде, батышта, чыгышта же түндүктө жатат деген маалыматтар да жазылат. Бардык маанилүү деталдар көрсөтүлөт: жайгашкан жери, өлчөмү. Мунун баары жазылып турат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков