Тараздын жанындагы жарылуу: ыкчам тергөө тобу иштеп жатат

Тараздын жанындагы жарылуу: ыкчам тергөө тобу иштеп жатат

Тараздын жанындагы жарылуудан каза болгон дагы 3 адамдын жеке маалыматтары аныкталды. Алар 1995-жылы туулган улук сержант Гафан Жомартулы Куатбек. Экинчиси - Адилет Канатбеккулы Адилбек. Ал 1987 -жылы туулган. Үчүнчү адам 1999 -жылы туулган Алиби Бексултанулы Кенес. Каза болгондордун сөөгү өрт чыккан кампанын жанынан табылган. Аны менен катар, Жамбылдагы жарылууну иликтөө максатында тергөө тобу түзүлдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин расмий өкүлү Нурдилда Ораз билдирди. Анын айтымында, окуя болгон жерде ИИМдин борбордук аппаратынын кызматкерлери, сапёрлор бригадасы менен кинологдор да издөө иштерин жүргүзүүдө.

Нурдилда Ораз, РКнын ИИМ расмий өкүлү:

- Тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалды. Окуя болгон жерде сапёрлор тобу, кинологдор дагы издөө иштерин жүргүзүп жатышат. Окуя катталган жерден 15 аскер кызматчысынын жана куткаруучулардын сөөгү табылды. Эске сала кетсек, коомдук тартипти сактоо жана окуянын кесепеттерин жоюу үчүн Улуттук гвардиянын 800дөн ашуун полицейлери жана аскерлери, 113 атайын техника, анын ичинде 54 полиция башкармалыгы, 59 башка өлкөлөрдүн органдарынан тартылды.

 

Коргоо министри отставкага кетти

Ал тапта Мамлекет башчысы коргоо министри Нурлан Ермекбаевдин кызматтан кетүү боюнча арызын кабыл алды. Анын ордуна бул кызматка Мурат Бектанов дайындалды. Ал буга чейин коргоо министринин биринчи орун басары - Куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын башчысы болуп иштеген. 2016 -жылы «Чыгыш» аймактык командачылыгын жетектеген.

Которгон: Илгиз Жамалбеков