Археологдор: Байыркы мышык Жанкент аймагында колго үйрөтүлгөн

Археологдор: Байыркы мышык Жанкент аймагында колго үйрөтүлгөн

Казакстандык археологдор сенсациялуу билдирүү жасашты. Сыр-Дарыянын боюндагы байыркы шаар Жанкенттин пайдубалы 7-кылымда негизделген. Буга чейин маалымдалгандай, Огуздун борбору 9-11-кылымда курулган делген маалымат туура эмес болуп чыкты. Аны менен катар, илимий изилдөөлөрдүн аркасында тарыхчылар байыркы мышык биринчи жолу ушул тарыхый объекттин аймагында колго үйрөтүлгөн деген жыйынтыкка келген.

Болат Жолтаев, Казалы райондук маданият жана тилдерди өнүктүрүү болүмүнүн башчысы:

- Кечеки Коркыт Ата университетинин археолог адистери шаардан мышыктын колго үйрөтүлгөнүн табышкан. Тагырагы мышык иттен мурун колго үйрөтүлгөн. Ошондуктан, бул шаардын байыркы экенин, анын чоң болгондугун далилдейт.

Огуз хандыгынын борбору Жанкент шаарынын аймагы ири археологиялык изилдөөлөрдүн аймагына айланды. Казуу иштеринин натыйжасында илимпоздор уникалдуу ачылыштарды жасашты. Анын натыйжасында дарбазалар, мунаралар жана борбордук көчөлөр менен үйлөр ачылды. Эми жергиликтүү бийлик көптөгөн сырлары бар уникалдуу тарыхый жерди туризм объектисине айлантууну көздөп жатат. Ошентип байыркы шаардын ордун ачык асман алдында музейге айлантуунун алгачкы кадамдары башталды. Бул жердеги эң кызыктуу фактылар дүйнөнүн ар тарабынан келген саякатчыларды кызыктырары шексиз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков