«Ыбырайдын изи менен» аттуу веложүрүш башталды

«Ыбырайдын изи менен» аттуу веложүрүш башталды

750 чакырым шайтан араба менен. Борбор калаанын ышкыбоздору Нур-Султандан Костанай шаарына аттанды. Алар күн сайын 100 чакырымдан ашык жолду басып, 6 күндөн кийин, улуу устаттын туулган жери Костанайга жетүүнү көздөп жатат. Катышуучулардын жарымынан көбү пенсионерлер, эң улуусу 76 жашта. Алгач шайтан арабачылар Астрахань айылына токтойт. Ал эми кийинки аялдама Атбасар районунда, Жаксы жана Октябрь айылдары менен Аулиекөл айылында болот. Андан кийин шаардын жанындагы Ыбырай Алтынсарин күмбөзүнө барып, куран түшүрүп, анын атындагы мектеп жана мемориалдык музей менен таанышат. Айта кетсек, веложүрүш Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына жана Ыбырай Алтынсариндин 180 жылдыгына карата уюштурулду.

Которгон: Илгиз Жамалбеков