Бүгүн – Улуу Абайдын туулган күнү

Бүгүн – Улуу Абайдын туулган күнү

Борбордо Абайдын сүрөтүнөн чоң пазл жыйналды. Улуу акындын урматына арналган портрет эл аралык жана республикалык сынактарга катышкан казакстандык окуучулардын 200 сүрөтүнөн куралган. Бул инсталляция өткөн жылы Москвадагы Чистопрудный бульварында көрсөтүлгөн. Борбор калаадагы иш-чарадан кийин эмгек Семейдеги Абайдын «Жидебай-Бөрили» мамлекеттик корук-музейине белекке берилет.

Ольга Скальчук, Нур-Султан шаарынын Орусия маданий борборунун маданий программалар боюнча координатору:

- Былтыр биз Абай Кунанбай уулунун 175 жылдыгына карата кандай кызыктуу иш-чара өткөрөбүз деп көп ойлондук. Биз бул аянтка Абай Кунанбай уулунун чоң портретин кураштыруу керек деген чечимге келдик. Тилекке каршы, пандемияга байланыштуу биз бул идеяны ишке ашыра алган жокпуз. Бардык масштабдуу иш-чаралар өтө турган жерлер жабылды. Бирок, мерчемдегендей абдан ири болбосо да, пазлды Москвадагы Абайдын эстелигинин жанына кураштырдык. Бул салттын уландысы жөнүндө былтыр айтылгандай, пазл Абайдын туулган мекенине кайтып келди.

Быйыл пандемияга байланыштуу бул иш-чара пландалгандай өткөн жок. Акындын туулган күнүндө, адаттагыдай эле, Нур-Султан шаарында ойчулдун эстелигинин жанында рухуна таазим этүү аземи болуп өттү. Эстеликке гүл чамбарлар коюлуп, ырлар окулду. Чогулган элдер Абайдын өрнөктүү өмүр жолу жана тарбиялык чыгармачылыгы жалпы адамзаттын орток мурасы экенин баса белгилешти.

Алексей Бородавкин, ОФнын Казакстандагы элчиси:

- Абайдын чыгармачылыгы жана бай мурасы казактар менен орустар боордош элдер деген ойду чагылдырат. Белгилүү болгондой, улуу ойчул карым-катнаштын жана достуктун чырагын сактап, өнүктүрүү зарылдыгын баса белгилеген. Бул идея бүгүнкү күндө да маанисин жана актуалдуулугун жогото элек. Андыктан Абай Кунанбай уулунун туулган күнү Казакстанда эле эмес, Орусияда да татыктуу белгиленип жатканын баса белгилеп кетким келет. Орустар анын таалимдүү чыгармачылыгын урматттап, адамзаттын жыргалчылыгы үчүн калтырган мурасын изилдөөгө чоң маани берип келет.

Эске сала кетсек, өткөн жылы улуу акындын 175 жылдыгына карата Өкмөт тарабынан баш оона айынын 10ну - Абай күнү деп бекитилген. Бул күнү өлкөдө жана чет өлкөлөрдө акындын өмүрү менен чыгармачылыгына арналган тарбиялык иш-чаралар уюштурулат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков