Казакстанда малдарга тоют жеткирүү жеңилдиги дагы бир айга узартылды

Казакстанда малдарга тоют жеткирүү жеңилдиги дагы бир айга узартылды

Казакстандын кургакчылыктан жабыркаган аймактары колдоо көрсөтүүнү уланта беришет. Жардам тоют ташуу боюнча жеңилдиктерди дагы бир айга узартуу түрүндө көрсөтүлөт. Казакстан Темир Жолу компаниясы жетекчисинин орун басары Оралхан Кулаков таңгакталган чөптү темир жол вагондоруна кайра жүктөө үчүн жетимиш жети пайыз арзандатуу жарыялады. Анын айтымында, теке айында эле өлкөнүн батыш аймагынын станциясына тоют менен 167 жүк вагону жөнөтүлгөн. Жалпысынан алганда, баяндамачы бүгүнкү күндө өлкөдө жабык жүк вагондорунун жетишсиздиги боюнча көйгөйлөр жок экенин белгиледи.

Оралхан Кулаков, «Казакстан темир жолу» Улуттук компаниясы төрагасынын орун басары:

- Бүгүнкү күндө жеткирүү транспорту жетиштүү деңгээлде. Менимче, бул жерде эч кандай суроолор жок. Баш оона айынын 15не чейин биз Айыл чарба министрлигинен маалыматты күтүп жатабыз. Анда экспорттун белгилүү бир көлөмү Казакстандын ичинде жарыяланат. Бул албетте тапшырманы аткаруу болот.

Эске сала кетсек, быйыл тоюттун жоктугунан Казакстандын бир катар аймактарында малдардын өлүмү катталган. Буга байланыштуу тоюттун айрым түрлөрүн алты айга чет өлкөгө экспорттоого тыюу салган убактылуу буйрукка Айыл чарба министрлиги тарабынан бир күн мурун кол коюлган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков