Нур-Султанда «30 көз карандысыз муун» иш-чарасы өттү

Нур-Султанда «30 көз карандысыз муун» иш-чарасы өттү

«30 көз карандысыз муун». Ар кайсы тармактагы көрүнүктүү жаш казакстандыктар өздөрүнүн ийгиликке жеткен тажрыйбасы менен бөлүштү. Бизнес жана ишкердүүлүк, каржы жана инвестиция, социалдык кызматтар, илим жана техника, ошондой эле, шоу-бизнес жана спорт жаатындагы мыктылар өз замандаштарынын кыялдарына жетүү үчүн жан үрөп иштөөнүн маанилүүлүгүн белгилешти. Мотивациялык жолугушуу өлкө эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгынын алдында уюштурулду.

АЗАТ АБИКЕН, УЮШТУРУУЧУ:

- Бул жолугушууга музыканттар, долбоорлорду иштеп чыгуучулар, ошондой эле, чет өлкөлөрдө иштеп, мекенине болгон сүйүүсү бар жаштар катышты. Менин оюмча, кыйынчылыктарды жеңип, жеңишке жете билген кыз-жигиттер көпчүлүгүнө үлгү. Алар эмгектин жана ийгиликтин жаркын мисалы. Биз Эгемендүүлүктүн курдаштары улуу муундун үмүтүн актап келебиз. Жаштарыбызды шыктандырып, өз энергиясы менен күчүн позитивдүү багытка жумшоо максатында, бул жерге  ийгиликке жеткен спикерлерди атайын чакырдык.