Казакстандын азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга каражат бөлүндү

Казакстандын азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга каражат бөлүндү

Казакстандын азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында 19,2 миллиард теңге насыя берилди. Бүгүн биринчи транш менен 10 миллиарддан ашуун теңге жиберилгенин Евразия өнүктүрүү банкынын басма сөз кызматы билдирди. Бөлүнгөн каражат үч жыл ичинде жазгы айдап-себүү жана түшүм жыйноо жумуштары учурунда казакстандык айыл чарба товарларын өндүрүүчүлөрүн колдоого,ошондой эле эгин рыногун жөнгө салуу үчүн күзүндө айыл чарба өнүмдөрүн сатып алууга мүмкүндүк берет.

«Өлкөбүздүн экономикасынын туруктуу өнүгүүсү үчүн ар тараптуу колдоо көрсөтүү биз үчүн маанилүү. Агроөнөр жай комплекси артыкчылыктуу тармактардын бири болуп саналат», – деп маалымдайт Евразия өнүктүрүү банкынын башкарма төрагасынын орун басары Амангелди Исенов.

Которгон: Илгиз Жамалбеков