Костанайлык бал челекчилер экотуризмди өнүктүрүүгө салым кошууда

Костанайлык бал челекчилер экотуризмди өнүктүрүүгө салым кошууда

Костанайлык бал челекчилер экотуризмдин өнүгүшүнө салым кошууда. Коомчулук келип көрүшү үчүн мындагы токойлордо аары уюктары орнотулган. Ал адам буту баспаган токой өрөөнүндө жайгашкан. Бул жерде сапаттуу бал алуунун сырлары тааныштырылып, ар кандай дарылоо ыкмалары жүргүзүлөт.

Сергей Петров, балчы:

- Биздеги аары чарбачылыгы толугу менен органикалык негизде иштейт. Бир сөз менен айтканда, эч кандай химиялык кошулмасы жок экологиялык бал. Мындагы токой жана өсүмдүктөр аянты эч качан пестициддер жана гербициддер менен иштетилген эмес. Ошондуктан, биздин бал табигый жана таза.

Экотуризмдин жаңы түрүнө кызыгуу арткандар аз эмес. Алар таза табигый балдын даамын татып эле тим болбостон, жергиликтүү жаратылышка да чоң таасирин тийгизет.

Геннадий Романюк, турист:

- Өрөөндөрдүн химиялык кошулмалары жок тазалыгы таң калтырды. Азыркы кезде бул сейрек кездешкен жайыт. Балдын даамын татып көрдүм. Башкалардан айырмачылыгы бар.

Аарылар дарылык касиетке ээ. Мындай керебеттерде туристтер ден соолуктарын калыбына келтирет. Бул жерде аары уюгу бар. Келүүчүлөр натыйжаны балдын жылуулугунан, термелүүсүнөн жана жытынан алышат. Костанай облусунун балчыларынын тажрыйбасы башка аймактардан келген балчыларды да кызыктырууда. Муну менен катар, алар дагы экотуризмди өнүктүрүүнү көздөшөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков