Чет өлкөлөрдө казак тилинин таанымалдуулугу артууда

Казак тили онлайн жана акысыз. Улуу Талаа өлкөсүнүн тилин үйрөнүү үчүн жеткиликтүү аянтчалардын бири болгон Soyle.kz сайтында лингвистикалык чеберчиликти өркүндөткөндөн сырткары, сүйлөө этикетин да үйрөнүүгө болот. Ошондой эле, аталган тиркеменин жардамы менен казак элинин каада-салты жана маданияты менен таанышууга мүмкүн. Бүгүнкү күндө сайтка катталуучулардын саны 140 миңден ашты, ал эми мобилдик тиркемени 70 миңден ашуун колдонуучу колдонот. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү фондунун мүдүрү Азат Шауеевдин айтымында, сайттын англис-латын тилиндеги нускасын иштеп чыгуунун аркасында казак тилинин таанымалдуулугу чет өлкөлөрдө тездик менен өсүүдө.

АЗАТ ШАУЕЕВ, МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИ ӨНҮКТҮРҮҮ ФОНДУНУН МҮДҮРҮ:

- Казакстандан сырткары Орусиянын, Украинанын, Американын, Европанын, ошондой эле, Скандинавия өлкөлөрүнүн - Швециянын, Норвегиянын, ал тургай Африка континентинин колдонуучулары бар. Катталууга болгону 2-3 мүнөт гана талап кылынат. Андан кийин ар бир сабак болжол менен жарым саат, 40 мүнөткө созулат. Ал эми күн сайын жарым саат окусаңыз, үч айдан кийин казак тилинде сүйлөп кетесиз. Бизде онлайн долбоорлор абдан көп. Мисалы, биз Казакстанда казак комикстерин биринчи болуп жасагандардын бири болуп саналабыз.

Казак тилин үйрөнүүдө тиркемедеги бардык материалдар - башталгычтан жогорку деңгээлге чейин. Бул сабактардын бардыгы биринчи кезекте оозеки тилде сүйлөөгө багытталган. Ошондой эле, сайтта видео-роликтер, аудио файлдар, фотокарталар, оюндар, ырлар, грамматикалык тапшырмалар жана маалымдамалар жайгаштырылган. Мунун бардыгы программаны тез жана оңой өздөштүрүүгө, башкача айтканда, казак тилинде тез сүйлөөгө мүмкүндүк берет.