Казак улуттук ашканасы Парижде иштей баштады

Казак улуттук ашканасы Парижде иштей баштады

Казак улуттук ашканасы Парижде кеңири белгилүү боло баштады. Франция борборунда шымкенттиктер «Дөңгөлөк үстүндөгү казак ашканасы» долбоорун ишке киргизди. Буга алар бир жыл бою даярданышкан.

Мадина Кульманова, "Delices Des Steppes" компаниясын негиздөөчүлөрдүн бири:

- Негизи биздин максатыбыз Казакстаны таанытуу болчу. Бирок мекендештер тарабынан зор колдоо болот деп ойлогон эмеспиз. Француздар көп суроо берет. Аларга убакыт таап, кыска жана нуска түшүндүрүүгө аракет кылабыз. Албетте маданий жактан бул биздин өлкө үчүн күчтүү жарнама.

Унаадагы казак ашканасынын пайда болушу казак диаспорасын өзгөчө кубанткан. Париж метросунун Шатийон-Монруж станциясында жайгашкан улуттук ашканага жергиликтүү казактар бара баштады. Фуд-трек жумасына 5 күн иштейт. Алдыда Париждин айланасын кыдыруу пландары бар.

Джонатан Дассен, ырчы:

- Мен үчүн сонун идея. Француздар бул ашкана тууралуу таптакыр билбейт. Бирок аларды кызыктыруу керек. Мисалы аларга казак самсасы кандай жасаларын көрсөтүү керек. Долбоорго ийгилик каалайм!

Неждет Тунжер, казак диаспорасынын өкүлү:

- Фэйсбукта бирөө айтканда ишенген эмесмин. Азыр өз көзүм менен көрүп, Кудайга шүгүрчүлүк айтып турам. Казактын улуттук тамагынан алып, үйдөгү бала-чакага көрсөтөбүз. Биз өзүбүз казакпыз. Дүйнөнүн кайсыл жеринде болсок дагы каныбыз тартып турат. Кудайга шүгүр. Негизи бул жакта казакты анча биле беришпейт. Мындай идеялар биздин өлкөгө зор кызыгуу жаратат деп ойлойм.

Кардарларга «Номад», «Талаа», «Жибек-Жолу» деп аталган комплекстүү даамдар сунушталат. Долбоор авторлору чүйгүн даам түрүн көбөйтүүнү жана кардарларын казы жана курут менен сыйлоону пландап жатат.