Н. Назарбаев жана К. Токаев казакстандыктарды Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Н. Назарбаев жана К. Токаев казакстандыктарды Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Нурсултан Назарбаев казакстандыктарды Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. Улуу майрам жыл сайын бештин айынын 16-күнү белгиленет. 1991-жылы дал ушул күнү Казак ССРнин Жогорку Кеңеши көз карандысыздык жана мамлекеттин суверендүүлүк жөнүндө мыйзамды кабыл алган.

НУРСУЛТАН НАЗАРБАЕВ, КАЗАКСТАНДЫН ТУҢГУЧ ПРЕЗИДЕНТИ, ЭЛ БАШЫ:

- Урматтуу Казакстандыктар! Мекендештер! Бул сый-урмат менин укум-тукумума - казак улутунун мамлекеттүүлүгүн калыбына келтирүү үчүн түшкөнүнө кубанычтамын. Жаңы мамлекеттүүлүктүн түптөлгөн пайдубалы күчтүү, көз карандысыз жана гүлдөгөн Казакстандын курулушунун негизи болуп калды. Өлкөнү калыбына келтирүү жана орнотуунун зор урматына ээ болгонум мен үчүн зор сыймык.  Биз татаал жолду басып өттүк жана биздин сыйлыгыбыз тынчтык, туруктуулук менен биримдигибиз биринчи орунда турган гүлдөгөн мамлекеттеги жашоо. Бул жылдар аралыгында мага көрсөткөн чексиз колдооңуздар жана чоң ишеним көрсөткөндүгүңүздөр үчүн баарыңыздарга рахмат. Бүгүн биз тарыхыбызда болуп көрбөгөндөй биригип жатабыз. Бизди өлкөнүн тагдыры үчүн жоопкерчилик, жаратуучулук энергиясы жана туулган жерибизге болгон сүйүүбүз бириктирип турат!

Ошондой эле, Касым-Жомарт Токаев да Казакстан элине куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Президенттин айтымында, бүгүнкү күндө улутту бириктирүү жана ар бир жарандын көз карандысыздык баалуулуктарына кызмат кылуу мурдагыдан да маанилүү. Мамлекет башчысы көп тараптуу түзүмдөрдүн жана БУУнун ролун күчөтүүгө жардам берип, эл аралык коопсуздук тутумун чыңдоо багытында  тышкы багыт улана берерин белгиледи. Аны менен катар, Касым-Жомарт Токаев Казакстан улуттук кызыкчылыктарды бекем коргоп, заманбап көп полярдуу дүйнөдө өзүнүн натыйжалуулугун далилдеген тең салмактуу жана конструктивдүү тышкы саясатты ырааттуу жүргүзүп келе жатканын кошумчалады. Мындан сырткары, Президент кийинки жылы өлкө үчүн эң маанилүү окуялардын бири – коомдун жогорку жарандык активдүүлүгүн жана саясий жактан жетилгендигин көрсөтө турган Мажилиске жана Маслихатка шайлоо болорун белгиледи.

КАСЫМ-ЖОМАРТ ТОКАЕВ, КАЗАКСТАН РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ:

- Урматтуу Казакстандыктар! Келе жаткан жылы биз үчүн маанилүү окуя болот. Ал биздин Көз карандысыз мамлекеттүүлүгүздүн 30 жылдыгын белгилөө астында өтөт. Бул эң маанилүү датаны биз элибиз үчүн конкреттүү иштер жана жаңы долбоорлор менен белгилейбиз. Экономикада, социалдык чөйрөдө жана экологияда тутумдаштырылган чаралардын комплексин ишке ашырууну улантабыз. Биз калктын бардык катмарынын, айрыкча жаштардын, аялдардын, ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын муктаждыктарына жана талаптарына көңүл бурабыз. Биз өлкөнүн саясий жаңылануу жараянын улантууга ниеттенип турабыз. Азыр реформалардын жаңы топтому даярдалып жатат, аны кийинки жылдын башында жарыялайбыз. Бул биздин мамлекетте элдин үнүн өлкөнү курууга, адилеттүүлүктүн принциптерин жана бирдей мүмкүнчүлүктөрдү жайылтууга жана бекемдөөгө багытталган демократиялык кайра түзүүлөргө түрткү берет.