Курман айтта курмандык чалуу жөрөлгөсү онлайн форматта жүргүзүлөт

Курман айтта курмандык чалуу жөрөлгөсү онлайн форматта жүргүзүлөт

Курман айт учурунда салттуу Айт намазы борбор калаадагы мечиттерде окулбайт. Бул тууралуу Нур-Султан шаарынын дин башкармалыгынын башчысы Нурдаулет Алмуханов билдирди. Ошондой эле «кызыл зонага» кирген борбор калаадагы санитардык-эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу массалык иш-чаралар болбой тургандыгын айтты.

Кооптуу илдетке байланыштуу коопсуздук чараларын сактап, адамдардын көп чогулбоосун камсыз кылуу үчүн курмандык чалуучу жайлар, базарлар, чарба кожолуктары айт күндөрү жабык болот. Ал эми курмандык чалуу онлайн режиминде Казакстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын qurban2021.kz сайты аркылуу жасалат.

Ерболат Жүсіпов, Нур-Султан шаарынын башкы имамы:

- Жалпысынан алганда, бул долбоордун максаты - кайрымдуулукка данакер болуу. Коомдун ден-соолугуна жана өмүрүнө коркунуч келтирген кооптуулукту азайтууга салым кошуу. Курмандык чалууга ниет билдирген жарандарга карантин шартында оптималдуу шарттарды камсыз кылуу. Жалпысынан, qurban2021.kz сайты кечээ 15:00дөн тарта иштей баштады. Бул сайт Курман айттын үчүнчү күнүнө чейин, башкача айтканда, теке айынын 22не чейин иштейт. 

Которгон: Илгиз Жамалбеков