Казакстандын коруктарында этникалык туризм өнүгүүдө

Казакстандын коруктарында этникалык туризм өнүгүүдө

Костанай облусунда этникалык туризм өнүгүп жатат. Наурызым улуттук паркында бүтүндөй этно-шаарча курулуп, ал кол тийбеген жана эң бай жаратылыш экосистемасынын аркасында өлкөнүн улуттук байлыгы деп эсептелет. Бул жерге боз үйлөр менен алтыбакан - селкинчектери орнотулган. Түзүлгөн инфраструктуранын эсебинен туристтердин саны кыйла көбөйөт деп күтүлүүдө.

Рахим Савуров, турист:

- Максатым бул токойлорду көрүү болду. Алар ушунчалык чоң. Бизде Алматыда мындайлар жок. Карагай тоолордо гана бар, бирок көп эмес. Бул жерге, Наурызым коругуна келип мен аябай таң калдым.

Дулат Койлибаев, Мамлекеттик Наурзум жаратылыш коругунун мүдүрү:

- Жол кыймылынын багыты ошол эле калыбында, транспорттун түрлөрү гана өзгөрүлдү. Биз шайтан арабаларды да сатып алдык. Аттан корккон адамдар, же жөө жүрүүдө кыйналган адамдар шайтан арабаны тандаса болот. Ал Бокай булагына бараткан жолдо бар.

Наурыз мамлекеттик жаратылыш коругу - Евразиядагы эң байыркы коруктардын бири. Анын башкы байлыгы – түбөлүк жашыл карагайлар менен өзгөчөлөнөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков