Мамлекеттик башкаруу өкүлчүлүктөрү кайрадан бөлүнөт

Мамлекеттик башкаруу өкүлчүлүктөрү кайрадан бөлүнөт

Казакстан Өкмөтүнүн 94 ыйгарым укуктары министрликтерге жана жергиликтүү аткаруу органдарына өткөрүлүп берилет. Мажилис депутаттары тиешелүү мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырышты. Улуттук экономика министри Асет Ергалиевдин айтымында, мындан тышкары 4 мамлекеттик органга кошумча ыйгарым укуктар берилет. Эми стратегиялык планды түзүү жана ал боюнча отчёт берүү, өрт коопсуздугунун эрежелерин бекитүү менен куткаруучуларды сертификациялоо милдети тиешелүү органдарга жүктөлөт. Суу ресурстарын пайдалануу жана коргоо дагы жооптуу органдын милдетине кирет. Жол коопсуздугу, абадан түшүрүү жана азык-түлүк коопсуздугу маселелери Өкмөт кароосунда болбойт.

Асет Ергалиев, Улуттук экономика министри:

- Долбоор Мамлекет башчысынын тапшырмаларын, стратегиялык документтерде жана серепчилердин сунуштарында аныкталган артыкчылыктарды эске алуу менен даярдалды. Аны иштеп чыгуу мезгилинде борбордук жана жергиликтүү деңгээлдеги мамлекеттик функцияларды талдоо боюнча кеңири иштер жүргүзүлдү. Мыйзам долбоору 55 мыйзам актыларына, анын ичинде 5 кодекске жана 50 мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү карайт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков