Казакстан Түндүк жана Түштүк Корея ортосундагы сүйлөшүүлөргө ортомчу болушу мүмкүн

Казакстан Түндүк жана Түштүк Корея ортосундагы сүйлөшүүлөргө ортомчу болушу мүмкүн

Казакстан Түштүк жана Түндүк Кореянын ортосундагы сүйлөшүүлөргө жардам бере алат. Бул тууралуу Сеулда жайгашкан Асан саясий изилдөө институтунун мүдүрү билдирди. Анын айтымында, Түндүк Кореяны куралсыздандыруу үчүн эл аралык уюмдардын же Казакстан сыяктуу өлкөлөрдүн жардамы керек. Ошондой эле, Хан Сын Джу Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Тышкы саясатты изилдөө институту менен кызматташуу жөнүндө меморандумга кол койду. Бул документ бүткүл Борбор Азия региону менен кызматташууну арттырууга таасир этет.

 Белгилей кетсек, Сеул менен Нур-Султанды Казакстандагы жүз миңдеген корей байланыштырып турат. Мындан сырткары. Кореяны дагы Казакстандын өзөктүк куралдан баш тартуудагы уникалдуу тажрыйбасы кызыктырат.

Хан Сын Джу, Асан саясий изилдөө институтунун мүдүрү:

- Өзөктүк куралга ээ болгон жана өз ыктыяры менен андан баш тарткан өлкөлөрдүн саны аз. Мындай тажрыйба Казакстанда бар жана ал үлгү болуп саналат. Түндүк Корея өзөктүк куралдан арылгысы келбей тургандыгын көрсөтүп жатат. Биз түздөн-түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Түндүк Кореяны өзөктүк куралдан баш тартууга көндүрүү үчүн эл аралык уюмдардын же Казакстан сыяктуу өлкөлөрдүн жардамы керек. Менин оюмча, Түндүк Кореяны куралсыздандыруу куралдуу жаңжалсыз өтүшү керек. Ошондуктан, Казакстан менен Корея ортосундагы меморандумдун мааниси абдан маанилүү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков