Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны

Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны

Казакстан жана биримдикке мүчө башка мамлекеттер рыноктун катышуучулары үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүүнү колдойт. Бирок локдаун мезгилинде ЕАЭБде соода тоскоолдуктарынын саны көбөйгөн. Бул тууралуу Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев Жогорку Евразиялык экономикалык Кеңештин жыйынында билдирди. Мамлекет башчысы көйгөйдү убагында чечүү керектигин белгиледи. Ошондой эле, экономикалык иш-аракеттер калыбына келтирилгенден кийин деле соода тоскоолдуктары өзүнөн-өзү жоюлуп кетпей тургандыгына кооптонуусун билдирди.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти

- Аталган чектөөлөр соода-экономикалык мамилелердин өнүгүшүнө зыян келтирет, биримдиктин өсүшүн жана өнүгүү дараметин чектейт. Комиссиянын тоскоолдуктар менен күрөшүүсү токтоосуз сыпатка ээ. Бирок бул ишти абдан натыйжалуу деп айта албайсыз. Бул улуттук деңгээлдеги кесепеттерди жоюу үчүн күрөш. Эгер андай боло турган болсо, анда превентивдүү позицияны экономикалык интеграцияга жооптуу министрликтер билдириши керек деп эсептейбиз. Аталган тоскоолдуктар менен чектөөлөр киргизилген тиешелүү нормативдик-укуктук актыларды иштеп чыгуу кезинде каршылык билдирип, коргоо керек.

Ошондой эле Касым-Жомарт Токаев коронавирус пандемиясынын экономикага тийгизген оң таасири тууралуу да айтты. Ал фармацевтика тармагын, медициналык кызматтарды, биоинженердик жана санариптик технологияларды өнүктүрүүгө жаңы дем берди, деди Казакстандын Президенти.

Которгон: Илгиз Жамалбеков