Президент чет элдиктерге жер сатууга тыюу салган мыйзамга кол койду

Президент чет элдиктерге жер сатууга тыюу салган мыйзамга кол койду

Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев жер мамилелери жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө кол койду.

Эске салсак, ушул жылдын бирдин айынын 25де Мамлекет башчысы чет элдиктерге жерди сатууга мыйзамдуу түрдө тыюу салуу тапшырмасын берген. Түзөтүүлөргө ылайык, айыл чарба жерлерин чет элдиктерге, жарандыгы жок адамдарга, чет өлкөлүк юридикалык жактарга жана чет өлкөлүк катышуусу бар Казакстан Республикасынын юридикалык жактарга жеке менчикке жана ижарага берүүгө тыюу салынат. Ошентип, айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалануу укугу Казакстандын жарандарына жана чет өлкөлүк катышуусу жок юридикалык жактарга гана берилет.

Серепчилердин айтымында, аталган документтин кабыл алынышы «Элдин үнүн уккан мамлекет» концепциясынын натыйжалуулугун көрсөтөт. Мыйзамдын толук тексти басма сөздө жарыяланат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков