Казакстан менен Евробиримдик: соода мамилелерин өнүктүрүү планы, максаты жана келечеги

Казакстан менен Евробиримдик: соода мамилелерин өнүктүрүү планы, максаты жана келечеги

Казакстан менен Европа жашыл энергияны өнүктүрүү, айлана-чөйрөнү коргоо, билим берүү жана илим жаатында кызматташууну тереңдетет. Мындай келишимге Брюсселде өткөн «Казакстан-Евробиримдик» кызматташтык кеңешинин 18-отурумунун катышуучулары келишти.

Баяндамачылардын айтымында, Европа Биримдиги өлкөлөрү – республиканын негизги соода жана инвестициялык өнөктөштөрүнүн бири. Өткөн жылы тараптар ортосундагы соода жүгүртүүнүн жалпы көлөмү 18,6 миллиард еврого жеткен. Ошондой эле, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө казакстандык делегацияны тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди, ал эми европалык делегацияны Португалиянын тышкы жана Европа иштери боюнча министри Аугушту Сантуш Силва жетектеди.

Белгилей кетсек, Казакстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн арасында лидер болуп, 2015-жылы Европа Биримдиги менен кызматташуу боюнча келишимге кол койгон.

Мухтар Тлеуберди, РК Тышкы иштер министри:

- Кеңештин 18-отурумун айыл чарба жана туризм жаатындагы негизги маселелерди талкуулоого арнадык жана башка да багыттардагы мамилелерди өнүктүрүүнүн векторлорун аныктадык. Айта кетиш керек, Республика тарабынан көрүлүп жаткан чаралар Казакстанга Европа Биримдиги мамлекеттеринен инвесторлорду көбүрөөк тартууда.

Аугушту Сантуш Силва, Португалиянын Тышкы жана европа иштери боюнча министри:

- Биз абдан конструктивдүү жана жемиштүү талкуу өткөрдүк. Соода тармагында өткөн жылдагы оор кырдаалга карабастан, Европа Биримдиги Казакстандын биринчи соода өнөктөшү жана биринчи чет өлкөлүк инвестициялык өнөктөш катары позициясын бекемдеди. Ал эми Казакстан Европа Биримдигинин Борбор Азиядагы негизги соода өнөктөшү бойдон кала бермекчи. Биз саясий диаологубузду бекемдедик. Биз Президент Токаевдин Европа Биримдигиндеги Брюсселге алгачкы расмий иш сапарын чыдамсыздык менен күтүп жатабыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков