Мыйзам чыгаруу боюнча жаңы реформа

Мыйзам чыгаруу боюнча жаңы реформа

Казакстанда коом менен диалогдун жаңы форматы киргизилди. Мындан ары ар бир мыйзам долбоорунун алдында коомдук талкуулоо үчүн кеңеш берүүчү документ болот. Бул тууралуу Адилет министринин орун басары Наталья Пан билдирди. Анын айтымында, документ «Ачык НКА» порталына жарыяланат. Аны талкуулоо коомдук угуу жана пикир алмашуулар сыяктуу ыкмаларды колдонуу менен жүргүзүлөт. Мындан ары мамлекеттик органдар кабыл алынган мыйзамдардын жоболорун коомчулукка түшүндүрүп берүүгө милдеттүү болот. Маалыматтык колдоо жана чечмелөө программалары дагы ушул жараянда камтылган. Жарандарга жаңы милдеттер менен талаптарды белгилеген нормалар бери дегенде 60 күн бою күчүнө кирбейт. Бул жарандардын мыйзамдын жаңы талаптары менен таанышып, аны жүзөгө ашырууга даяр болушу үчүн жасалууда. Анын максатка ылайыктуулугу жөнүндө чечим коомчулук менен талкуулангандан кийин гана кабыл алынат. Натыйжалуулук 5 жылдын ичинде бааланат.

Наталья Пан, Казакстандын Адилет вице-министри:

- Консультативдик документтин натыйжалуулугун баалоо үчүн аны иштеп чыгуу стадиясында, аны түзүүчү орган мыйзам кабыл алынгандан кийин жеткиликтүү болуш үчүн конкреттүү көрсөткүчтөрдү аныкташы керек. Ал конкреттүү сандар менен көрсөтүлөт. Анткени мыйзамда сунуштар гана эмес, конкреттүү иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу каралган. Экинчиден, иштеп чыгуучу орган мыйзам кабыл алынгандан кийин, андагы жол-жоболорунун иш жүзүндө аткарылышын талдайт. Мындай отчёт жыл сайын Адилет министрлигине беш жыл бою, андан кийин Премьер-министрдин Аппаратына жиберилип турат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков