Мажилис ЕАЭБ тууралуу макулдашуу алкагында ратификациялык мыйзам долбоорлорун жактырд

Мажилис ЕАЭБ тууралуу макулдашуу алкагында ратификациялык мыйзам долбоорлорун жактырд

Парламенттин төмөнкү палатасынын депутаттары Армения жана Кыргызстан үчүн өткөөл мезгилди ЕАЭБдин бирдиктүү бажы тарифтери толук аткарылганга чейинки узартуу боюнча макулдашууларды ишке ашырууга багытталган бир катар мыйзам долбоорлорун ратификациялоону жактырышты.

Соода жана интеграция министри Бакыт Султанов Мажилистин пленардык жыйынынын жүрүшүндө Кыргызстан Биримдикке 2015-жылы киргендигин белгиледи. Ошол учурда өлкөгө товарлардын бирдиктүү бажы тарифинин чендерине өтүүнүн беш жылдык этабы сунушталып, бул мөөнөт 2020-жылдын башында аяктаган. Бирок өлкө Президенти товарларга болгон бажы төлөмдөрүнүн кыскартылган мөөнөтүн узартууну суранды. Бахыт Султановдун айтымында, талкуунун жыйынтыгында Мамлекет башчылары өткөөл мезгилди 1 жылга узартууга макул болушту. Ошондой эле, министр ЕАЭБдин алкагында Армениядан келүүчү бир катар товарларга төмөн бажы төлөмдөрүнүн качан жоюла тургандыгын айтты.

Бакыт Султанов, Казакстандын Соода жана интеграция министри:

- Арменияга берилген өткөөл мезгил 2022-жылы аяктайт. 2019-жылдын бештин айында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин учурунда, Армения Республикасынын Премьер-министри дагы бирдиктүү бажы тарифине өтүү мезгилин узартууну суранган. Армениядагы экономикалык кырдаалды эске алып, ЕАЭБдин калган мамлекеттери төмөнкү бажы алымдарын колдонуу мүмкүнчүлүгүн 1 жылга узартууга макул болушту. Өткөөл мезгил товарлардын 553 түрүнө узартылды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков