Кыргызстандын Президентинин Казакстанга расмий иш сапары

Кыргызстандын Президентинин Казакстанга расмий иш сапары

Акордада Кыргыз Республикасынын Президентинин урматына салтанаттуу кабыл алуу өттү. Ардактуу кароол тизилип, эки өлкөнүн гимни жаңырды.

Салтанаттуу иш-чарадан кийин Мамлекет башчылары тар чөйрөдө жолугушту. Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровдун Президент катары алгачкы мамлекеттик иш сапарын  Казакстандан башталышынын мааниси зор экендигин белгиледи.

КАСЫМ-ЖОМАРТ ТОКАЕВ, КАЗАКСТАН РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ:

 - Казакстанга кош келдиңиз деп айткым келет. Иш сапарыңыз абдан маанилүү. Өзүңүз Президент катары алгачкы мамлекеттик иш сапар менен Казакстанга келип жатасыз. Бул Казакстанга делген чоң урмат-сый деп эсептейбиз. Сапарыңыздын мааниси өзгөчө деп айтууга болот. Себеби, бул сапар эки мамлекеттин ортосундагы мамилелерге чоң түрткү болот деп ишенем. Чындыгында, сапарыңыздын программасы кеңири-масштабдуу. Ошондуктан, биз бүгүн эң өзөктүү маселелер боюнча пикир алышабыз, тиешелүү келишимдерге жетишебиз!

Өз кезегинде, Кыргызстандын Президенти эки мамлекеттин ортосундагы мамилелердин терең экендигин казак акыны Жубан Молдагалиевдин ырлары аркылуу билдирди.

САДЫР ЖАПАРОВ, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ:

 - Урматтуу Касым-Жомарт Кемелович, мени Казакстанга келип кетүүгө чакырганыңыз үчүн ыраазычылыгымды билдирем. Сиздер менен аман-эсен көрүшүп жатканыма абдан кубанычтамын. Казак-кыргыз бир тууган мамлекетпиз. Биздин туугандык байланышты казактын улуу акын-жазуучусу Жубан Молдагалиев ырларында айтып кеткен.

Мен қазақпын, қырғыз ол - туысқаным,

Бірге тартқан тарланның құйысқанмын.

Анамыз да қара көз бір қыз,

Бәлки, Бөліп берген егізге уыс нанын.

Жолугушуунун жүрүшүндө Өлкө башчылар эки тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн кеңири чөйрөсүн, атап айтканда, саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, транспорт жана логистика, суу-энергетика, коронавирус илдетине каршы биргелешкен чаралар, маданий-гуманитардык багыттар, ошондой эле, Евразиялык интеграция жана көп тараптуу структуралар алкагында байланыштарды талкуулашты.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков