Жаңы Казакстандын реформалары – туруктуулуктун кепили

Жаңы Казакстандын реформалары – туруктуулуктун кепили

Касым-Жомарт Токаевдин Казакстан элине кайрылуусу Франциянын коомдук-саясий жана талдоочулук коомчулугу тарабынан кызуу талкууланууда. Алар республиканын Париждеги элчилигинде жолугушуп, ушул айдын башында мамлекет башчысы жарыялаган реформалар боюнча пикир алмашышты. Евробиримдиктин мүчөлөрү Казакстан президенти сунуштаган Жаңы Казакстан концепциясына өзгөчө көңүл бурууда. Маселен, реформалар инвесторлор үчүн туруктуулуктун кепили болуп саналат. Ошондой эле, мамлекет демократиянын баалуулуктарын колдоп, бул багыттагы реформаларды улантып жатканы адам укуктарын коргоо жана саясий өнүгүүнүн багытын аныктайт – дешет талдоочулар. Бирок, чоң пландарды ишке ашыруу үчүн казакстандыктар бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарыш керек - дешет алар.

Поль Мариа, ORANO компаниялар тобунун вице-президенти:

- Бизге окшогон чет элдик инвесторлор туруктуулукту каалайт. Президенттин сөзүндө гана эмес, жалпысынан Казакстандагы кырдаал тууралуу бизге тынымсыз маалымат берилип турат. Анткени өлкөнүн аймагында көпкө иштөөнү көздөп жатабыз. Жаңы долбоорлор боюнча жоопкерчилигибиз бар, жаңы кесиптештер менен кызматташтык түзүүдөбүз. Франция өкмөтүнүн өкүлдөрү Казакстанга барып, өлкөдөгү оң өзгөрүүлөрдү өз көзү менен көрө алышат.

Жан-Батист Ноэ, Геосаясий журналдын башкы редактору:

- Казакстан зор жаңылануу жана кайра куруу алдында турат. Бул Борбор Азия аймагы үчүн өзгөчө окуя. Ал эми сиздердин реформалар сөз жүзүндө гана эмес, иш жүзүндө да ишке ашып жатканына биз күбөбүз.

Микаэль Левистон, Франциянын IFRI эл аралык институтунун изилдөөчүсү:

- Президент жалган куран айынын 16да Жаңы Казакстандын концепциясын, ал эми аяк оона айынын 1де адилеттүү Казакстан жөнүндө айтып, социалдык жана саясий артыкчылыктарга багытталган жаңы реформаларды жарыялады. Мамлекет башчыңыздар саясий аппаратты жана бийлик тажрыйбасын өркүндөтүү багытында конкреттүү чаралар ишке ашырыла турганын билдирди.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков