Шанхай кызматташтык уюму эң актуалдуу маселелерди чечүүгө олуттуу салым кошо алат

Шанхай кызматташтык уюму эң актуалдуу маселелерди чечүүгө олуттуу салым кошо алат

Шанхай кызматташтык уюму универсалдуулугу жана өз ара кызматташтыгынын аркасында азыркы учурдун эң курч көйгөйлөрүн чечүүгө олуттуу салым кошо алат жана кошууга тийиш. Мындай пикирин Казакстандын президенти Самаркандда уюмга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин чакан жыйынында айтты. Касым-Жомарт Токаев биргелештик кызматтын азыркы учурдагы ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттары тууралуу көз карашын белгиледи. Жыйында башка мүчө мамлекеттердин лидерлери да сөз сүйлөштү. Мамлекет башчы Өзбекстанга меймандостугу жана Самарканддагы кезектеги саммитти жогорку деңгээлде уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков