Казакстан менен Кыргызстан президенттери кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

Казакстан менен Кыргызстан президенттери кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

Казакстандын президентинин Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында 10 документке кол коюлду. Бул макулдашуулар эки өлкөнүн расмий делегацияларынын катышуусунда кеңейтилген курамдагы сүйлөшүүлөрдөн кийин жетишилди. Тактап айтканда, казак-кыргыз чек арасында соода-логистикалык борбор куруу, айыл чарба тармагында кызматташуу, абадан куткаруу боюнча келишимдер бар. Касым-Жомарт Токаев келечектүү долбоорлордун тизмесин түзүп, инвестициялык кызматташууну активдештирүүгө чакырды. Алардын бири Кыргызстандагы Камбар-Ата ГЭСинин биргелешкен курулушу. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө суу дипломатиясы жана маалымат технологиялары жаатында кызматташууну бекемдөө маселелери да талкууланды. Мындан тышкары, мамлекет башчысы өлкөнүн сегиз Жогорку окуу жайы Кыргызстанда өз кеңселерин ачууга ниеттенип жатканын белгиледи. Бул жаатта студенттер үчүн квоталардын саны 50гө чейин көбөйдү. Жолугушуунун соңунда мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташтыкты жаңы деңгээлге көтөрүүгө, өнөктөштүктү мындан ары активдештирүүгө жана эл аралык аренада аракеттерди координациялоого багытталган биргелешкен билдирүүгө кол коюшту.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

- Чындыгында биздин өлкөлөр абдан жакын, байыртадан бери келе жаткан салттарыбыз, көз караштарыбыз бир, окшоштуктарыбыз абдан жакын. Быйыл дипломатиялык мамилелерибизге 30 жыл толот. Бул убакыттын ичинде биздин кызматташтыгыбыз кеңейди. Достугубуз бекемделди. Биз бардык деңгээлдеги өз ара ишенимге негизделген саясий диалогду түздүк.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков