К. Токаев: ЖККУну БУУнун тынчтык орнотуу ишмердүүлүгү менен байланыштыруу милдетин коюу зарыл

К. Токаев: ЖККУну БУУнун тынчтык орнотуу ишмердүүлүгү менен байланыштыруу милдетин коюу зарыл

ЖККУну БУУнун тынчтык орнотуу ишмердүүлүгү менен байланыштыруу милдетин коюу зарыл. Бул тууралуу Касым-Жомарт Токаев Жамааттык коопсуздук кеңешинин мааракелик сессиясында билдирди. Мамлекет башчынын айтымында, бул кадам ЖККУнун укуктук субъектилерин бекемдейт жана Уюмдун эл аралык тынчтык орнотуу операцияларына катышуу тажрыйбасын камсыздайт. Мамлекет башчысынын сөзүндө эл аралык терроризмге жана экстремизмге, баңги зат жана курал-жарак аткезчилигине, мыйзамсыз миграцияга, анын ичинде Ооганстандагы кырдаалдын өнүгүшүнө каршы күрөшүү маселелерине да өзгөчө көңүл бурулду.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

- Өлкөдөгү кырдаал, ошондой эле Ооганстандын аймагындагы куралдуу топтордун тынымсыз аракети биздин мамлекеттердин коопсуздугуна жана стабилдүүлүгүнө коркунуч жаратууда. ЖККУ бардык дараметтүү коркунучтарды эске алып, Борбор Азиянын түштүк чек араларынын коопсуздугун камсыздоого дагы көбүрөөк көңүл бурушу керек деп эсептейм.

Жолугушуунун жыйынтыгында ЖККУга мүчө-мамлекеттердин лидерлери Жамааттык коопсуздук кеңешинин мааракелик билдирүүсүн кабыл алышты.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков