Мажилис референдумдагы бюллетендерге байланыштуу документти кабыл алды

Мажилис референдумдагы бюллетендерге байланыштуу документти кабыл алды

Парламенттин төмөнкү палатасынын депутаттары «Республикалык референдум жөнүндө» конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча мыйзам долбоорун жактырышты. Документ Сенаттын кароосуна жөнөтүлдү. Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, жообу белгиленбеген бюллетендер жараксыз деп табылат. Ал эми жооптордун бардыгы белгиленген бюллетендер жарактуу деп эсептелет. Бирок добуш берүү учурунда алар эске алынбайт. Белгилей кетсек, чын куран айынын 29да президент Касым-Жомарт Токаев Казакстандын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча жалпы элдик референдум өткөрүлөөрүн маалымдаган.