Казакстан-АКШ: адам укуктары жана демократиялык реформа боюнча жогорку деңгээлдеги биринчи диалог

Казакстан-АКШ: адам укуктары жана демократиялык реформа боюнча жогорку деңгээлдеги биринчи диалог

Жарандык коомду өнүктүрүү, аялдардын укуктарын кеңейтүү, коррупция менен күрөшүү жана сот бийлигинин көз карандысыздыгын бекемдөө. Ушул жана башка маанилүү маселелерди Казакстан менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы адам укуктары жана демократиялык реформалар боюнча жогорку деңгээлдеги диалогдун жыйынынын катышуучулары көтөрүштү. Иш-чара борбор калаада биринчи жолу өткөрүлдү. Ага президенттик администрациянын, Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү жана Казакстанга мамлекеттик сапар менен келген АКШнын мамлекеттик катчысынын жарандык коопсуздук, демократия жана адам укуктары боюнча орун басары Узра Зея катышты. Тараптар аймактык жана көп тараптуу форматта кызматташуунун келечегин талкуулашты.

Акан Рахметуллин, Казакстандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары:

– Президент Касым-Жомарт Токаевдин демилгеси менен өлкөнү мындан ары демократиялаштырууга жана адам укуктарын сактоону камсыздоого багытталган саясий реформаларга өзгөчө көңүл бурулду. Америкалык тарап Казакстан башчысынын саясий, социалдык-экономикалык чөйрөдөгү саясатын жана аны андан ары ишке ашырууда Казакстандын мамлекеттик институттарын колдоорун билдирди. Эки өлкө конструктивдүү кызматташууну жана кеңейтилген стратегиялык өнөктөштүктү эң жогорку деңгээлде улантууга ниеттенүүдө.

Узра Зея, акшынын мамлекеттик катчысынын коопсуздук, демократия жана адам укуктары боюнча орун басары:

– Казакстан АКШнын дүйнөдөгү жана аймактагы негизги өнөктөшү. Биз C5+1 алкагында аймактык гүлдөп-өнүгүүнү, кызматташтыкты жана экономикалык өсүүнү колдогонубузга сыймыктанабыз. Биздин казакстандык өнөктөштөр менен адам укуктары, анын ичинде дин жана ишеним эркиндиги, коррупцияга каршы күрөш, жарандык жана саясий укуктар, укук коргоо органдарын реформалоо жана коопсуздук сыяктуу маселелерди талкуулоо мүмкүнчүлүгү биздин мамилелерибиздин бекемдигин жана жетилгендигин айгинелейт. Бизде ар кандай көз караштар болушу мүмкүн, бирок биз бул маселелерди чынчыл жана ачык талкуулоого ар дайым даярбыз.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков