Мажилисте биологиялык коопсуздук боюнча мыйзам долбоору кабыл алынды

Мажилисте биологиялык коопсуздук боюнча мыйзам долбоору кабыл алынды

Парламентте Биологиялык коопсуздук боюнча мыйзам долбоору жактырылды. Буга чейин серепчилер аны кызыкдар органдардын, алдыңкы лабораториялардын жана илимий борборлордун бардык өкүлдөрүнө сунуштап, ошондой эле Комитеттин 2 кеңейтилген отурумун өткөрүшкөн. Мыйзамдын бардык нормаларын шайкеш келтирүү үчүн документ олуттуу оңдоодон өттү. Жаңычылдыктардын арасында: калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдарга эми патогендик биологиялык агенттер менен иштөөдө квалификациялык талаптарды иштеп чыгуу жана бекитүү ыйгарым укуктары берилет. Ошондой эле, жаңы мыйзам долбооруна ылайык, биологиялык коркунуч учурунда колдонууга арналган дары-дармектерди жана медициналык багыттагы буюмдарды мамлекеттик каттоо тездетилген тартипте жүргүзүлөт. Маалыматка ылайык, 14 мыйзам актысына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди.

Дархан Мынбай, Парламент Мажилисинин депутаты:

- Казакстанда биринчи жолу биологиялык коопсуздук боюнча мыйзам киргизилүүдө. Ал 32 статьядан жана 8 бөлүмдөн турат. Мыйзамдын негизги максаты - калкты биологиялык кооптуулуктардан коргоо. Маселен, бизде илгертеден бери чума, безгек жана башка коркунучтуу оорулар күч алган тарыхый жерлер бар. От менен, суу менен келген, аба аркылуу тараган, же мал алып жүрүүчү оорулар бар. Атүгүл товарларды импорттоо аркылуу да жуга турган оорулар кездешет. Бул мыйзам калкты ушунун баарынан коргоо үчүн түзүлгөн.

Которгон: Илгиз Жамалбеков