КМШнын Парламенттер аралык Ассамблеясына 30 жыл

КМШнын Парламенттер аралык Ассамблеясына 30 жыл

Быйыл көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Парламенттер аралык ассамблеясынын түзүлгөнүнө 30 жыл. Буга байланыштуу Алматыда Ассамблеянын ишинин маанилүү багыттары талкууланган жыйын өттү. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин катышуучуларга кайрылуусун парламент сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев окуду.

Маулен Ашимбаев, Казакстандын Парламент Сенатынын төрагасы:

- Биргелешкен мыйзам чыгаруу иши глобалдык күн тартибинин алкагында туруктуу өнүгүү, декорбонизация жана санариптештирүүнүн маанилүү милдеттерин ишке ашырууну, тең салмактуу мамилени иштеп чыгууга мүмкүндүк берет. Казакстан Ассамблеянын көп тараптуу ишмердүүлүгүн толук колдойт.

30 жыл ичинде Парламенттер аралык ассамблея 600дөн ашык моделдик мыйзамдарды кабыл алып, КМШнын укуктук базасын түзүүгө салым кошту. Шериктештикке кирген мамлекеттердин укуктук системаларын бириктирүү менен алардын түрдүү тармактарда кызматташуусуна шарттар түзүлдү.

Валентина Матвиенко, КМШ ПАА кеңешинин төрайымы:

- Ассамблея ишинин маанилүү багыттарынын бири шайлоолорго жана референдумдарга байкоо жүргүзүү болуп саналат. Бул жаатта Парламенттер аралык ассамблея тарабынан түзүлгөн механизм шайлоо жараяндарынын эл аралык мониторинг жүргүзүү системасынын бир бөлүгү болуп калды. КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын байкоочулары 140тан ашык шайлоо жараянына көз салышты. Белгилей кетсек, биздин биринчи тажрыйбабыз бул жерде 1994-жылы Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисине шайлоосунда болгон.

Айта кетсек, Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Парламенттер аралык ассамблеясынын кезектеги сессиясы күзүндө Өзбекстанда өтөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков