Өкмөт президенттин кайрылуусун аткаруу боюнча жалпы улуттук планды ишке ашырууну баштайт

Өкмөт президенттин кайрылуусун аткаруу боюнча жалпы улуттук планды ишке ашырууну баштайт

Өкмөт Президенттин кайрылуусун ишке ашыруу боюнча Улуттук планды ишке ашырууга киришет. Ал жаңы Казакстанды түзүү үчүн 10 багыт боюнча 36 иш-чарадан турат. Биринчи кезекте, бул өтө маанилүү саясий реформалар, алар президенттин ыйгарым укуктары, Сенат менен Мажилистен турат. Парламенттин эки палатасын, маслихаттарды, акимдерди, партиялык структураларды жана башкаларды калыптандыруу тартиби менен алардын функцияларына байланыштуу маселелер боюнча конституциялык жана мыйзамдык өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талап кылат. Өз кезегинде премьер-министр Алихан Смаилов өлкөнүн административдик-аймактык түзүмү өзгөрөөрүн белгиледи. Анын айтымында, жооптуу тармактар ​​каатчылыкка каршы кезектеги иш-чаралардын комплексин ишке ашыра баштайт.

Алихан Смайылов, Казакстандын Премьер-Министри:

- Аталган планды тезинен ишке ашырууга киришишибиз керек. Андагы ар бир иш-чаранын сапаттуу жана өз убагында аткарылышына биринчи кезекте жетекчилер түздөн-түз жооптуу экендигин баса белгилегим келет. Орун басарларыма пландын аткарылышын катуу көзөмөлгө алууну тапшырам.

Которгон: Илгиз Жамалбеков