А. Смаилов каатчылыкка каршы планды жалган куран айынын 25не чейин киргизүүнү тапшырды

А. Смаилов каатчылыкка каршы планды жалган куран айынын 25не чейин киргизүүнү тапшырды

Өлкөнүн Конституциясына 30дан ашык өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип, жыл аягына чейин 20дан ашык мыйзам кабыл алынат. Улуттук экономика министри Алибек Куантыров Мамлекет башчысынын кайрылуусунда айтылган реформаларда каралган өлкөдөгү жаңы саясий маданиятты калыптандыруу тууралуу айтып берди. Анын айтымында, президенттин тапшырмасын ишке ашыруу максатында мекеме үч негизги багыт боюнча иш алып барат. Алар өлкөнүн административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү, жергиликтүү өз алдынча башкарууну борбордоштуруу жана антикаатчылык чаралар. Өлкөдө үч жаңы аймактын пайда болушуна байланыштуу башкармалык тарабынан атайын жол картасы жана иш-чаралар планы иштелип чыгат. Ошондой эле, министр каатчылыкка каршы иш-чаралар боюнча ыкчам штабдын ишине токтолду.

Алибек Куантыров, Улуттук экономика министри:

- Мамлекет башчысынын тапшырмасын аткаруу максатында Улуттук экономика министрлиги антикаатчылык программаны ишке ашырууну баштады. Учурда министрлик жооптуу мамлекеттик органдар менен конкреттүү сунуштардын үстүндө иштеп жатат. Улуттук экономика министрлиги Президенттин Казакстан элине кайрылуусунда берген ар бир тапшырманы толук жана ыкчам иштеп чыгат. Кайрылууну натыйжалуу ишке ашыруу үчүн министрликтин иши бюрократияны болтурбоо жана натыйжага багытталган принциптердин негизинде жүргүзүлөт.

Премьер-министр Алихан Смаилов жооптуу органдарга каатчылыкка каршы мерчемди жалган куран айынын 25не чейин киргизүүнү тапшырды. Иш-чаралар экономиканы колдоого, инфляцияны көзөмөлдөөгө, валюта рыногун турукташтырууга, жаңы жумуш орундарын түзүүгө, ошондой эле, бизнести өнүктүрүүгө багытталууга тийиш. Ошондой эле, премьер-министр аймактарды өнүктүрүү милдеттерине токтолду. Буга байланыштуу ал өкмөткө каржылоонун жол-жобосун түп-тамырынан бери кайра карап чыгууну, мамлекеттик сатып алууларды жөнөкөйлөтүү маселесин иштеп чыгууну тапшырды.

Алихан Смаилов, Казакстандын Премьер-Министри:

- Мамлекет башчысы өлкөнү тездик менен өнүктүрүү, экономиканын туруктуулугун жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, калктын жашоо деңгээлин жана бакубаттуулугун жогорулатуу боюнча чоң максаттарды койду. Кесиптештер, азыр бутту сунуп отура турган  учур эмес. Президент баштаган реформалардын ишке ашуусуна баарыбыз жооптуубуз. Биз элибиздин ишенимин акташыбыз керек. Ошондуктан бул ишке абдан жоопкерчилик менен киришүүнү тапшырам.

Которгон: Илгиз Жамалбеков