Депутаттар: улуттук курултай көптөгөн маселени чечет

Депутаттар: улуттук курултай көптөгөн маселени чечет

Казакстанда Улуттук коомдук ишеним кеңешинин ордун Улуттук Курултай басат. Ошентип коомдук талкуулоо жаңы деңгээлге чыгат. Анткени мамлекет менен элдин ортосунда ишенимдүү диалог болушу керек. Бул өлкө депутаттарынын пикири. Жаңыдан түзүлө турган курултай көпчүлүктү тынчсыздандырган маселелерди чечүүгө тийиш.

Ерлан Саиров, Казакстан Парламенти Мажилисинин депутаты:

- Улуттук Курултайдын курамына депутаттар, серепчилер жана саясат таануучулар кирет. Бирок ошол эле учурда Улуттук курултай бүткүл Казакстандын аймактарында иш алып барат. Башкача айтканда, буга чейин облустук, райондук деңгээлде болгон коомдук кеңештердин бардыгы ушу улуттук курултайдын форматынын ичине киргизилет.

Курултай улуттук диалог аянтын кеңейтүү, ошондой эле экономикалык, социалдык, руханий, моралдык маселелерди коомчулук менен ачык талкуулап, конкреттүү чечимдерди кабыл алуу үчүн зарыл. Депутат Саясат Нурбек улуттун башын бириктирүүдө курултайдын орду чоң экенине токтолду.

Саясат Нурбек, Казакстан Парламенти Мажилисинин депутаты:

Бүгүнкү күндө биз улутубузду бириктиришибиз керек. Жаман бөлүнүп кеттик. Орус тилдүү, орус тилдүү эместер. Казактар, казак эместер. Шаардык, айылдык. Унаасы бар, унаасы жок. Батири бар, батири жок. Коом укмуштуудай бөлүнүп кетти. Бул абдан кооптуу.

Которгон: Илгиз Жамалбеков