Маулен Ашимбаев: Парламент алдында чоң милдеттер турат

Маулен Ашимбаев: Парламент алдында чоң милдеттер турат

Президенттин демилгелерин мыйзамдык жактан колдоо биздин негизги милдетибиз. Казакстандын парламенти сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев президенттин кайрылуусуна байланыштуу пикирин билдирди. Ал белгилегендей, жаңы кайрылуу мурунку билдирүүлөрдөн мааниси жагынан айырмаланат. Алардын арасында бир катар маанилүү саясий реформалар, жаңы демилгелер болгондугун кошумчалай кетти.  Атап айтканда, кайрылууда парламенттин ролун күчөтүү тууралуу айтылды. Мындай кадам парламенттин алдына чоң милдеттерди коюп, жаңылануу жолуна жоопкерчиликти жүктөй тургандыгын Сенаттын Төрагасы белгилеп өттү. Ал ошондой эле мамлекет башчысы тарабынан көтөрүлгөн маселелер коомдун муктаждыктарына жана суроо-талаптарына негизделгенин белгиледи.

Маулен Ашимбаев, Казакстандын Парламенти Сенатынын төрагасы:

- Ушул жылдын аягына чейин 20дан ашык мыйзам кабыл алынышы керек. Башкача айтканда, биздин алдыбызда чоң максаттар турат. Андыктан алдыда системалуу жана комплекстүү иштерди жүргүзүү зарыл. Мыйзамдарды кабыл алууда коомчулуктун, жарандык коомдун жана серепчилердин пикирин эске алуу маанилүү. Президентибиздин демилгелерин мыйзамдык жактан колдоо биздин негизги милдетибиз. Ошон үчүн азыр чыныгы өлкө болуп, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгара турган учур.

Которгон: Илгиз Жамалбеков