Сенат КМШ мамлекеттери менен өз ара укуктук жардам тууралуу келишимди ратификациялады

Сенат КМШ мамлекеттери менен өз ара укуктук жардам тууралуу келишимди ратификациялады

Мыйзамдуу негизде жеке маалыматтарды алмашуу. Бүгүн Казакстан парламентинин сенаты административдик иштер боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашууну ратификациялады. Документке ылайык, КМШ өлкөлөрүнүн адистери эми бири-бирине жарандыгынын болуусу же болбоо, миграциялык каттоосу, виза берүү, жеке өздүгүн тастыктаган документтер жана башка маанилүү маалыматтарды жөнөтө алышат.

Марат Кожаев, Казакстандын Ички иштер министринин биринчи орун басары:

- Мындан тышкары, келишимде кошумча маалыматтар камтылган: башка өлкөдөн алынган өздүгүн тастыктоочу документтер жоголгон учурда ал адамдын өздүгүн тастыктоого, жарандын чет өлкөдө жашаган жерин аныктоого мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, юридикалык жардам көрсөтүүдө административдик же жазык укук бузуулары үчүн адамдарды жоопкерчиликке тартуу жөнүндө маалыматтар пайдаланылышы мүмкүн.

Которгон: Илгиз Жамалбеков