Президент жарыялаган ири саясий реформалар

Президент жарыялаган ири саясий реформалар

Шаарлар менен райондордогу шайлоолорду толугу менен мажоритардык системага өткөрүү - эң туура чечим. Мындай пикирин өлкөнүн серепчилери айтышууда. Президенттин кайрылуусунда айтылган бул демилге аймактарда атаандаштык чөйрөнү түзөт. Жаңы өзгөрүүлөр жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасын жакшыртууга жардам берет, дешет саясат талдоочулар.

Турар Шайхиев, саясат таануучу:

- Эми райондук, шаардык маслихаттын депутаттары эч кандай саясий партияга көз каранды болбойт. Бул маселелер өлкөбүздүн саясий өнүгүүсүнө чоң салым кошот деп ойлойм.

Президент жарыялаган масштабдуу саясий реформалардын топтомунда саясий партияларды каттоо процедурасын жөнөкөйлөтүү да камтылган. Мамлекет башчысы каттоо босогосун 20 миңден 5 миңге чейин түшүрүүнү сунуштады. Аймактык бөлүмдөрдөгү адамдардын саны үч эсеге – 600дөн 200гө чейин кыскарат. Партия түзүү боюнча демилгелүү топтун саны да миңден 700гө чейин азайтылат.

Самат Нуртаза, саясат таануучу:

- Атаандаштык пайда болот деп ойлойм. Өзүн кайсы бир аймакта абройлуу деп эсептеген ар бир адам, айталы, облуста 20 эмес, 5 миң кишини чогултуп, ошону менен партия ача алат. Парламентке өтөбү, өтпөйбү – бул башка маселе, бирок кептин баары ар бир инсандын пикирин угуучу мамлекет болушу керек. Бул толугу менен коомду демократиялаштыруу жана либералдаштыруу жөнүндө айтып турат, ошондуктан жакында өз жемишин берет деп ойлойм.

Которгон: Игиз Жамалбеков