Казакстан-АКШ: Стратегиялык кызматташтык

Казакстан-АКШ: Стратегиялык кызматташтык

«Казакстандык - америкалык мамилелерге отуз жыл: үчтүн айындагы окуялар жана келечекке жол». Дал ушундай тема менен Америка Кошмо Штаттарынын алдыңкы талдоочулук борборлорунун бири болгон Атлантикалык Кеңеш аянтчасында панелдик темада талкуу болду. Жыйында үчтүн айындагы окуялардан кийин Казакстандагы саясий жана экономикалык реформалар менен эки өлкөнүн кеңейтилген стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү талкууланды. Катышуучулар Казакстандын глобалдык стабилдүүлүккө жана коопсуздукка кошкон зор салымын белгилешти. Ал эми Казакстандын элчиси жыйындын катышуучуларына үчтүн айында болгон окуянын түпкү себептерин жоюу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди. Атлантикалык кеңештин серепчилери Казакстан менен АКШнын ортосундагы өнөктөштүктүн бекемделишине ишеним билдиришти.

Которгон: Илгиз Жамалбеков