Өкмөттө элдин кирешесин жогорулатуу маселелери көтөрүлдү

Өкмөттө элдин кирешесин жогорулатуу маселелери көтөрүлдү

Жаңы өнөр жай кластерлерин түзүү, чакан жана орто бизнести финансылык жактан колдоо, инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жана микронасыяларды өнүктүрүү. Өкмөттө кирешелерди көбөйтүү боюнча программада белгиленген бир катар чаралар аталды. Жалпысынан программа 2025-жылга чейин эсептелген. Аны ишке ашыруу планын бир эле учурда бир нече министр түшүндүрдү. Бул жаатта Улуттук экономика министри Алибек Куантыров өлкөдөгү экономикалык абалга токтолду. Ал белгилегендей, акыркы 10 жылда казакстандыктардын кирешесинин үлүшү 11 пайыздык тармакка азайган. Тескерисинче, социалдык трансферттердин үлүшү ушул эле пайызда өскөн. Жүргүзүлгөн талдоолордун жыйынтыгында артыкчылыктуу багыттар аныкталды. Ошентип, программада жумушчу жаштарды колдоого, калктын социалдык аялуу катмарын ишке орноштурууга өзгөчө көңүл бурула турган болду. Ошондой эле, бюджеттик кызматкерлердин, анын ичинде дарыгерлердин, медайымдардын жана мугалимдердин айлыгын көтөрүү күтүлүүдө. Мындан тышкары, айыл чарба жана өндүрүш тармагында иш менен камсыз кылууну өнүктүрүүгө көңүл бурулуп жатат.

Алибек Куантыров, Казакстандык Улуттук экономика министри:

- Жогорудагы иш-чараларды ишке ашыруу 2025-жылга карата төмөнкү 5 максаттуу индикаторлорго мерчемделген жетишүүнү камсыз кылат: ИДӨдөгү эмгек акынын үлүшү - 34,5%; эмгек кызматынан түшкөн кирешенин үлүшү - 76,2%; жашоо минимумунан төмөн кирешелер азчылык калктын үлүшү - 5,2%, жумушсуздуктун деңгээли - 4,7%; бүтүндөй мезгил ичинде 2 миллиондон ашык адамга жумуш орундарын түзүү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков