Казакстандын Улуттук банкы теңге депозиттерин коргоо программасын ишке ашырууда

Казакстандын Улуттук банкы теңге депозиттерин коргоо программасын ишке ашырууда

Казакстан Өкмөтү менен Республиканын Улуттук банкы теңге депозиттерин коргоо программасын ишке ашырууда. Ал бюджеттин эсебинен жеке адамдардын депозиттери боюнча компенсацияларды чегерүүнү карайт. Биргелешкен билдирүү өлкөнүн премьер-министринин сайтында жарыяланды. Белгилей кетсек, мындай чечим геосаясий тобокелдиктердин күчөшүнүн жана каржы рынокторундагы туруксуздуктун аркасында теңге депозиттеринин туруктуулугун жана тартымдуулугун камсыз кылуу максатында кабыл алынган. Программага катышууга казакстандыктардын улуттук валютадагы бир же бир нече экинчи деңгээлдеги банктарда – депозиттерге кепилдик системасынын катышуучуларында жана «Отбасы Банкында» ачылган депозиттерине уруксат берилет. Сый акынын милдеттүү шарты депозитти механизм ишке киргизилген учурдан тартып бир жылдан кем эмес сактоо болуп саналат. Программага катышуу үчүн казакстандыктар депозиттери жайгаштырылган банктарга кайрылуулары керек.

Которгон: Илгиз Жамалабеков