Серепчи: Сот системасына реформа керек

Серепчи: Сот системасына реформа керек

Карызды өндүрүү жеке сот аткаруучунун гана иши эмес. Соттун чечимдерин аткарууда компетенттүү органдар менен юридикалык жактарбирдей жигердүү болушу керек. Бул тууралуу борбор калаадагы Жеке сот аткаруучулардын аймактык палатасы жетекчисинин орун басары Айбын Өтегенов билдирди. Ал Мамлекет башчысынын тапшырмасы менен реформаланып жаткан сот системасында бул жагдай эске алынат деген ишенимде. Анын айтымында, айрым мыйзамдар бири-бирине карама-каршы келет. Мыйзамдын чийкилиги менен катар, тармактын адистерин сот адилеттигине кайрылууга шыктандыруучу чаралардын комплекси колго алынууга тийиш. Эң негизгиси аткаруу кызматтарын бириктирген бирдиктүү системаны түзүү зарыл, дейт адис.

Айбын Өтегенов, Нур-Султан шаары жеке сот аткаруучуларынын аймактык палата башчысынын орун басары:

- Ички иштер департаментинин катында «соттун чечимине кийлигишпегиле» деп жазылган. Алар өздөрүн бөлүп жатышат. Башкача айтканда, соттун чечимин сот аткаруучу аткарып, административдик жоопкерчиликке сот аткаруучулар гана тартышы керек. Ал эми административдик жоопкерчиликке тартуунун өзү бир башка, кыйын. Эмнеге? Ал жерде адамга мажбурлоо чаралары колдонулат. Бизде андай компетенция жок. Мындай ыйгарым укуктар полиция департаментинде бар. Ал эми полиция департаменти мындай иштерге аралашпа дейт. Башкача айтканда, системалар бири-бири менен тыгыз байланышы керек.

Которгон: Илгиз Жамалбеков