Казакстанда инвестициялык саясаттын жаңы концепциясы иштелип чыкты

Казакстанда инвестициялык саясаттын жаңы концепциясы иштелип чыкты

Казакстанда инвестициялык саясаттын жаңы концепциясы иштелип чыкты. Анда негизинен жеке инвестицияларга артыкчылык берилет. Бул тууралуу Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов «Атамекен» Улуттук ишкерлер палатасынын кезексиз IX съездинде билдирди. Ошондой эле, ал өкмөт инфляцияны 4-6% коридорго кайтарууну көздөп жатканына токтолду. Айта кетсек, жыйында президиумдун курамын шайлоо маселеси каралды. Көпчүлүк Райымбек Баталовдун талапкерлигин колдоду. Буга чейин башкармалыктын төрагасы болуп иштеген Абылай Мырзахметов өз каалоосу менен кызматтан кетти.