Өкмөттө мамлекет башчысынын тапшырмаларын аткаруу боюнча бир катар милдеттер айтылды

Өкмөттө мамлекет башчысынын тапшырмаларын аткаруу боюнча бир катар милдеттер айтылды

Акимдер жыл сайын ар бир 10 миң кишиге кеминде 100 жаңы жумуш орундарын түзүүгө милдеттүү. Бул тууралуу премьер-министр өкмөттүн жыйынында билдирди. Алихан Смаилов президенттин тапшырмасын аткаруу боюнча дагы бир катар милдеттерди белгиледи. Алар өлкөдөгү экономикалык, социалдык, реалдуу сектор, жаратылыш ресурстарын сактоо, айыл чарба, соода, саламаттык сактоо жана бизнести өнүктүрүү менен алектенет. Премьер-министрдин айтымында, «Атамекен» Улуттук ишкерлер палатасы кичи жана орто бизнести коргоого жана колдоого артыкчылык берип, башка форматка өтүшү керек. Каржы министрлигине жалган куран айынын 1не чейин бюджетти пландаштыруу жараянын санариптештирүү иштерин тездетүү тапшырылды. Ошондой эле, жыйында Казакстандын ар бир жараны үчүн медициналык жардамдын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу зарылдыгы белгиленди. Ал үчүн биринчи кезекте медициналык уюмдарды заманбап жабдыктар менен камсыз кылуу аркылуу инфраструктурасын жакшыртуу маанилүү, дейт Смаилов. Ал эми Индустрия жана инфраструктураны өнүктүрүү министрлигине автоунаа өнөр жайына баруу үчүн атайын график даярдоого бир жума убакыт берилди. Аталган өнөржайга серепчилер, коомчулук жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү барышат. Премьер-министр ошондой эле, Касым-Жомарт Токаев чыгаша алып келген жана натыйжасыз долбоорлорду ишке ашыруудан баш тартууну тапшырганын белгиледи.

Алихан Смаилов, Казакстандын Премьер-Министри:

- Биздин негизги милдетибиз - калктын кирешесин көбөйтүү, жашоо сапатын жакшыртуу. Атаандаштыкка жөндөмдүү жана диверсификацияланган экономиканы өнүктүрүү үчүн дагы күч-аракет жумшашыбыз керек. Көрүлгөн ар бир чаралардын сапаттуу жана өз убагында аткарылышы үчүн ар бир министр жана аким жеке жоопкерчиликтүү болот. Менин орун басарларым көзөмөлдөгөн аймактарда жана мамлекеттик органдарда так координациялоону жана көзөмөлдү уюштурушсун.

Которгон: Илгиз Жамалбеков