Казакстандын ТИМ: Европа жаңы Казакстанды түзүүгө колдоо көрсөтүүгө даяр

Казакстандын ТИМ: Европа жаңы Казакстанды түзүүгө колдоо көрсөтүүгө даяр

Евробиримдик мамлекеттери Жаңы Казакстанды түзүүгө колдоо көрсөтүүгө даяр. Бул тууралуу Евробиримдиктин өкүлдөрү премьер-министрдин орун басары, тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди менен болгон жолугушууда билдиришти. Уюмга мүчө мамлекеттердин элчилери менен Казакстандын тышкы иштер министри кызматташууну мындан ары да бекемдөө маселелерин талкуулашты. Анын ичинде инвестициялык, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарбар. Министр европалык тарапты демократиялык реформалардын негизги жолдору менен тааныштырды. Ал эми Евробиримдиктин Казакстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы өз кезегинде Казакстан Борбор Азиядагы абдан маанилүү өнөктөш экенин жана Биримдик өлкөнүн мындан аркы өнүгүшүнө, өзгөчө саясий реформаларга колдоо көрсөтүү ниетинде экенин белгиледи.

Которгон: Илгиз Жамалбеков