Түрк мамлекеттер уюмунун аксакалдар кеңеши өз ишин баштады

Түрк мамлекеттер уюмунун аксакалдар кеңеши өз ишин баштады

Түркестан шаарында «TURAN» атайын экономикалык аймагын түзүү. Мындай сунушту Түрк мамлекеттери уюмуна Казакстандын атынан мүчө болгон Икрам Адырбеков Стамбулда өткөн Түрк мамлекеттери уюмунун Аксакалдар кеңешинде берди. Муну менен катар, ал президент Касым-Жомарт Токаевдин Түрк инвестициялык фондунун штаб-кеңсесин «Астана» эл аралык каржы борборунун аянтчасында жайгаштыруу сунушун колдоорун билдирди. Айта кетсек, Стамбулда өтүп жаткан Аксакалдар кеңешинин жыйынына уюмга мүчө мамлекеттердин аксакалдары катышууда. Жыйында түрк мамлекеттеринин ортосундагы кызматташтыкты мындан ары да чыңдоого багытталган «Түрк дүйнөсүнүн келечеги-2040» концептуалдык документин ишке ашыруу талкууланды.

Икрам Адырбеков, ТМУ аксакалдар кеңешинин мүчөсү:

- Мамлекет башчыларынын чечими менен Аксакалдар кеңеши бүгүнкү күндө ишин улантып жатат. Негизги максат - саммитте кабыл алынган документтердин аткарылышы жана иши менен таанышуу. Ошол боюнча сунуштарды киргизүү. Анын ичинде Түркестандын түрк дүйнөсүнүн руханий борбору катары өнүгүшү. Түрк дүйнөсү менен тааныштыруу. Бул багытта натыйжалуу иш алып барылууда.

Которгон: Илгиз Жамалбеков