Казакстан менен Өзбекстан парламент аралык кызматташтык кеңешин түзөт

Казакстан менен Өзбекстан парламент аралык кызматташтык кеңешин түзөт

Казакстан менен Өзбекстан парламенттер аралык кызматташтык кеңешин түзүшөт. Келишимге эки өлкө парламент палаталарынын төрагалары кол коюшту. Олий Мажлистин Мыйзам чыгаруу палатасынын спикери Нурдинжон Исмоилов маалымдагандай, парламенттер аралык диалогду активдештирүү саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыктын дараметин жогорулатууга, элдердин достугун чыңдоого түздөн-түз кызмат кылат. Муну менен катар, тараптар стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Ерлан Кошанов, Казакстандын Мажилис төрагасы:

- Казакстан менен Өзбекстандын мыйзам чыгаруучу органдарынын ортосунда парламенттер аралык кеңеш түзүү боюнча келишимге кол койдук. Бул кеңеш президенттердин тапшырмасы менен түзүлүп жатат. Эгемендүүлүк алгандан бери биздин өлкөлөр бири-бирин колдоп, эки өлкөнүн цивилизациясы үчүн бекем, гармониялуу жана конструктивдүү карым-катнаш орнотту. Эми бул кызматташтык кеңеши биздин жетишкендиктерибизди мындан ары тереңдетип, президенттерибиздин бардык тармактагы келишимдерин натыйжалуу ишке ашырууга, мыйзам чыгаруу кызматташтыгын бекемдөөгө жаңы жол ачары шексиз.

Нурдинжон Исмоилов, Өзбекстан Олий Мажлис мыйзам чыгаруу палатасынын төрагасы:

- Бул эки өлкөнүн тарыхындагы биздин мамилелерибиздин жана кызматташуубуздун жаңы форматы. Бул биздин президентибиздин былтыр бештин айында Казакстанга жасаган иш сапарынын алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга багытталганын кесиптешим туура белгиледи. Парламенттер да өз салымын кошушу керек.

Которгон: Илгиз Жамалбеков