Касым-Жомарт Токаев иш сапары менен Орусияга барат

Касым-Жомарт Токаев иш сапары менен Орусияга барат

Мамлекет башчы Касым-Жомарт Токаев Владимир Путиндин чакыруусу менен Орусия Федерациясына иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Берик Уали билдирди. Сапардын программасына ылайык, Касым-Жомарт Токаев бирдин айынын 10да Москвада орус лидери менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Жолугушуунун жүрүшүндө Казакстан менен Орусиянын ортосундагы көп тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүнүн артыкчылыктары, евразиялык мейкиндиктеги интеграциялык кызматташуу маселелери жана актуалдуу эл аралык маселелер талкууланат. Ошондой эле, Президент бирдин айынын 11де Казанда Татарстандын президенти Рустам Минниханов менен жолугуп, өлкөнүн бир катар ири өнөр жай ишканаларын кыдырат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков